* Мындан 76 жыл мурун, 1939-жылы актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов Чүй өрөөнүндөгү Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Сүймөнкул Чокморов Кыргыз ССРинин Эл артисти (1975), СССРдин Эл артисти (1981), Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү (1990), ВЛКСМ жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы сыйлыгынын лауреаты, төрт жолку Кинематографисттер биримдигинин "Эркектин эң мыкты ролу үчүн" дипломунун ээси (1969, 1972, 1974, 1978), Кинематографисттер жана Сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү жана эки жолку Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.
Сүймөнкул Чокморов 1992-жылы 26-сентябрда 53 жаш курагында 20 жыл бою күрөшүп келген ал кездеги сейрек кездешкен поликистоз оорусунан көз жумган.
* Мындан 66 жыл мурун, 1949-жылы төкмө акын Барпы Алыкулов 65 жаш курагында көз жумган. Барпы Алыкулов 1884-жылы 30-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ачы кыштагында туулган. Акындын атасы өтө кедей болгондуктан, Барпыны жаштайынан эле ар кимге жалчылыкка берүүгө аргасыз болгон. Барпы Октябрь революциясына чейин Калмат, Мадал ажы, Назарбай деген байлардын малын багып, ар кандай жумуштарын аткарган.
Акындын чыгармачылык ишинин башталышы XIX кылымдын акырына, башкача айтканда, 1900-жылга туура келет. Анын өмүрүнүн теңи жакырчылыкта, жалчы жүрүү менен өткөндүктөн, дайыма эл тарабында болуп, өзүнүн курч ырлары аркылуу эзүүчү таптын өкүлдөрүнүн кылмыштарын ашкерелеп, аларды сынга алган. Ушундай ырлары үчүн эзүүчү таптан далай кордук көргөн.
* Мындан 31 жыл мурун, 1984-жылы түштүк кореялык "Мыкты жигиттер" сериалында Гым Чан Динин ролун аткарган актриса Ку Хе Сон Түштүк Кореянын Инчхон шаарында төрөлгөн. Актриса Сеул искусство институтунун радио жана телекөрсөтүү бөлүмүн бүтүргөн.
Хе Сон 2004-жылы “Анаграмма” аттуу коркунучтуу фильмге тартылат. Ал эми 2009-жылы тартылган “Мыкты жигиттер” тасмасы ага атак алып келген. Андан сырткары Ку Хе Сон “Падыша жана мен”, “Со Дон”, "Нон-стоп 5" тасмаларында роль жараткан.
* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы Германиядагы капиталисттик-коммунисттик системди бөлүп турган Берлин дубалы уратыла баштаган. Элдик толкундоодон улам ГДР өкмөтү дубалды уратып, чек араны ачууга аргасыз болгон. Анын ары жагынан батыш берлиндиктер чыгыштыктарды кучак жайып тосуп алышкан.
Дубал тосмону тургузуу демилгесин Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Германия Демократиялык Республикасы көтөрүп чыккан. ГДРди Варшава келишимине кирген өлкөлөр да кубаттаган. Ошентип, Берлинди батыш менен чыгышка бөлгөн дубалдын курулушу 1961-жылдын 13-августунда башталган. Аскер күчү менен тургузулган тосмого 150 миң тоннадан ашуун цемент сарпталган. Жалпы узундугу 155 чакырымды түзүп, анын 43,1 чакырымы Берлин шаарынан өткөн. Дубал немистерди гана эмес, континентти, дүйнөнү экиге бөлүп турган. Ошонусу менен кансыз согуштун негизги символуна айланган. 30 жылга жакын өмүрүндө бетон тосмо ГДРден Батыш Германияга качкан адамдардын 1245инин өлүмүнө күбө болгон. Мындан сырткары 2007-жылдын 12-августунда "Би-Би-Си" ГДР Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин архивинен кызык маалымат тапканын жар салган. Анда өлкө бийлиги дубалдан аша качмак болгондорду баласынан карысына чейин атууга буйрук бергендиги айтылган.
9-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.