Бүгүн, 8-мартта Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринде "Мааниси бар күндөгү кереметтер дүкөнү" аттуу жарманке ачылды. Бул иш-чара айылдарда жашаган ишкер айымдарга колдоо көрсөтүү максатында уюштурулду.
Анда улуттук колоритте жасалган ар түрдүү кийиз буюмдар коюлду. Каалоочулар бул жердеги буюм-тайымдарды өз баасында сатып алса болот. Сатуудан түшкөн каражат борбор шаардагы балдардын жатак-үйлөрүнө которула турганы айтылды.