"Өзөк - тамырга саякат" аттуу китептин бет ачары болот

Бүгүн, 12-мартта борбор шаардагы улуттук китепканада австриялык жазуучу Николаус Шрефлдин "Өзөк – тамырга саякат" аттуу китебинин бет ачары өтөт. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фонду маалымдады.

Маалыматка ылайык, китеп Австрияда басылып чыгып, анда чет өлкөлүк саякатчынын Кыргызстандын эли, тарыхы жана заманбап жашоо-турмушу жөнүндө баяндоосу камтылган.

Айта кетсек,  Николаус Шрефл – белгилүү австриялык публицист жана жазуучу, көп тилдерге которулган бир нече китептин автору. Аны австриялык адабиятта "саякаттарды көркөм баяндоо жанрынын негиз салуучусу" деп санашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан