Ырчы Дайыр Исмадияровдун “Эйфория” аттуу жаңы ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү Алтынбек Алымовго, обону Эдил Маматовго таандык. Эйфория- өзгөчө бакыт, бактылуу сезим дегенди түшүндүрөт экен. Бирок ырдын сөзү менин жеке жашоом менен байланыштуу эмес. Жөн гана ушундай сөздү камтыган ыр ырдагым келди”,- деди Исмадияров. Ырчынын айтымында, бул ырдын клиби апрель айында жарыкка чыгат.