Бишкекте биринчи жолу “Боорсок” сынагы өттү

Бүгүн, 11-мартта Бишкекте биринчи жолу Нооруз майрамына карата кыргыз элинин улуттук тамагы болгон боорсок сынагы өттү. Иш-чарага 12 команда катышып, боорсоктун түрлөрү коюлду. Мыктыларын Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова, шаардын маданият жана туризм башкармалыгынын башчысы Малдыбай Кайыпов, коомдук ишмер Бектемир Мурзубраимов, “Кыргыз тил” коомунун президенти Райымжан Курбанов сыяктуу адамдардан түзүлгөн калыстар аныкташты. 1-орунду борбордогу №9-“Алмаз” бала бакчасы, 2-орунду №10-“Келечек” балдар бакчасы, 3-орунду “Боорсок” кафеси ээледи. Сынактын жеңүүчүлөрүнө Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды. Алдынкы орунду алгандар 21-март - Нооруз күнү өтө турган республикалык деңгээлдеги “Боорсок” сынагына катышууга укук алышты. Айта кетсек, бул саамалык КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулду. 

9-сүрөттөгү №9-“Алмаз” бала бакчасы 1-орунду

3-cүрөттө  №10-“Келечек” балдар бакчасынын боорсогу  2-орунду  

12-сүрөттөгү “Боорсок” кафесинин нандары 3-орунду ээлешти.  

Боорсоктун биз билбеген түрлөрү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Baktyyar
2013-03-11 19:13:31
Эн сонун ..шилекейим куюлуп чубуруп ..аран эле турлум го каапыр ий каапыр жегимдин келгенинен кантейин
+1
Debi
2013-03-11 19:27:55
Каапыр дейсиз да, жегиңиз келип, жеп, аш кылып эле туруңуз ылайым )))))
0
Xamer
2013-03-11 19:31:57
мммм....
0
Шаиста Шатманова
2013-03-11 19:51:34
Ошондо сүрөттөгү боорсоктордун кайсынысы эң даамдуу жана таттуу деп табылды?
0
Sagy
2013-03-11 20:44:33
Кимге калды бул борсоктор?)))))))
0
jibeka09
2013-03-12 00:26:09
Sagy, Барып жегин келдиби)))
0
jibeka09
2013-03-12 00:27:06
Мен дагы аябай жегим келди )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан