Бүгүн, 11-мартта Бишкекте биринчи жолу "Боорсок" сынагы өттү. Ага улуттук тамактын түрүнө кирген боорсок азыгынын ондогон түрлөрү коюлду. Уюштуруучулар бул саамалыкты салтка айландыруу керектигин баса белгилешти. "Бул сынак быйылкы жылдын "иштерман жылы" деп жарыяланышына карата уюштурулууда. Бир чети элди ар кандай митинг, чыр-чатактан алыстатып, улуттук баалуулуктарга көңүлүн буруу максатыбыз. Сынакка катышкандардын саны көп болгондугуна байланыштуу бул иш-чараны республикалык деңгээлде өткөрүп, салтка айлантууну пландап жатабыз",- деди Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Чолпон Түмөнбаева.