13-мартта Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында саат 15:00дө "Боинг-Боинг" аттуу кайрымдуулук спектакли коюлат. Бул тууралуу аталган театрдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, спектакль “Ачык театр” кайрымдуулук программасынын алкагында атайын улгайган адамдар үчүн коюлмакчы. Иш-чаранын уюштуруучусу тууралуу айта кетсек, алар орусиялык мекендештердин “Кыргызстандагы орустар” бирикмеси.