Нооруз майрамына карата элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өтөт

16-17-март күндөрү Бишкек шаарында Нооруз майрамына карата элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул иш-чаранын максаты - улуттук баалуулуктарды мындан ары да өнүктүрүү жана сүрөтчүлөр менен кол өнөрчүлөрдүн байланышын бекемдөө экендигин айтышат уюштуруучулар. Жарманкеге токулган, сайма менен кооздолгон кийимдер, зер буюмдары жана башкалар коюлмакчы. Иш-чаранын орду шаардагы Эркиндик-Чүй көчөлөрүнүн кесилиши. Бул демилге Тышкы иштер министрлиги, шаардык мэрия жана Биринчи Май райондук администрациясынын колдоосу менен ишке ашмакчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан