Бүгүн, 12-мартта Сокулук районундагы кыйналып сүйлөгөн балдардын жатак-мектебинин жана Беловодск айылындагы өзгөчө тарбияга муктаж балдардын жатак-мектебинин тарбиялануучуларын бийге үйрөтүү боюнча атайын сабактар өткөрүлдү. Бул иш-чара бийчи Атай Өмүрзаковдун жана Эл аралык жаштар фондунун “Jasa.kg” программасынын демилгеси менен "Таланттар кербени" долбоорунун алкагында уюштурулду. Мындай сабактар 2012-жылдын ноябрь айынан бери болуп келет. Май айларында тандоо туру өткөрүлүп, жеңүүчүлөр “Мен бийчи” фестивалына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.