Жогорку Кеңеште улуттук валютанын кунун жана өлкө экономикасын турукташтыруу багытында ыкчам чаралардын долбоору иштелип чыкты

"Ушу тапта Улуттук банк тарабынан улуттук валютанын кунун турукташтыруу жаатында колдо бар мүмкүнчүлүктөр менен бардык ыкмалар колдонулууда". Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде "Улуттук валютанын курсун турукташтыруу жана Кыргыз Республикасынын экономикасын доллардан арылтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомдун долбоору каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылдын ичинде доллардын наркы 29 пайызга өстү. Бул КМШ алкагында орточо көрсөткүч. Сомдун кунун турукташтыруу үчүн жалпысынан 261 миллион доллар сатылды. Чет өлкөлүк валютада берилген насыя каражаттарына карата талап күчөтүлүп, улуттук валютада берилген насыя каражаттарына карата коюлган талаптар жеңилдетилүүдө. Андан сырткары каржы саясатынын мыйзамдык базасын бекемдөө максатында Банк кодексинин долбоору иштелип чыгып, парламенттин кароосуна киргизилди.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров мурда сомго карата сырткы таасир аз болгонун, бирок анын куну кескин түшүп кеткенин баса белгиледи. Депутаттын пикиринде, мындай кооптуу жагдай өлкө экономикасынын туруксуздугунан улам түзүлүүдө. "Республикалык бюджеттин тартыштыгы 25 миллиард сомго чейин жетти. Эмгек мигранттарынан келчү каражаттын өлчөмү кыйла кыскарды. Ал эми инвестиция көлөмү 30 пайызга түштү. Ошондуктан экономиканы турукташтыруу жаатында шашылыш чаралар көрүлбөсө, абал мындан дагы оорлошуп кетиши мүмкүн",- дейт Жапаров.

Сунушталып жаткан токтомдун долбоорунда өлкө экономикасын турукташтыруу багытында көрүлө турган ыкчам чаралар камтылганы белгилүү болду. Мисалы, насыяларды кайра түзүмдөштүрүү, баалуу кагаздарды чыгаруу, сом менен накталай эмес эсептешүүлөрдү көбөйтүү, чет өлкөлүк валютадагы депозиттердин үстөк өлчөмүн төмөндөтүү, мамлекеттик чыгымдарды азайтуу, пенсияны 30 пайызга жогорулатуу сыяктуу бир катар иштиктүү чаралар сунушталууда.

Жыйынтыгында аталган токтомдун долбоорун парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан