Базар-Коргондо таежеси 7 жашар жээнин таяк менен сабап өлтүрдү

Базар-Коргондо 46 жаштагы таежеси 7 жашар жээнин таяк менен сабап өлтүрдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди. Анын айтымында, окуя 7-декабрь күнү кечинде болгон.

Катуу сабалган кыз окуядан жарым саат өткөн соң ооруканага “Тез жардам” кызматы менен жеткирилген. Бирок эртеси күнү эртең менен каза болуп калган. Бул боюнча укук коргоо органдарына кабарланып, ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен 7 жашар К.Т. аттуу кызга Ы.И. аттуу таежеси кол көтөргөнү белгилүү болду. Кармалган аялдын айтымында, жаш кыз тентектигинен улам ошол күнү сабалган”,- дейт Олжобай Казабаев.

Атайын дайындалган экспертизанын жыйынтыгы 10 күндөн кийин белгилүү болот. "Ал эми эксперттер алгачкы текшерүүлөргө таянып, каза болгон кыздын колунда, бутунда эски көк алалары бар экенин билдиришти. Таежеси учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө. Бул окуяга күбө болгон бардык адамдар суракка алынышты. Шектүү аял эми 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.

Каза болгон кыздын апасы 5 жашар кызы менен Базар-Коргондо турат. Алардан башка дагы эки баласы балдар үйүндө тарбия алат. Жолдошу Орусияда эмгектенет экен. Белгилүү болгондой, жашоонун кыйын кырдаалына учураган үй-бүлөнүн апасы балдарын бага албай, аларды балдар үйүнө жана тууганына берген экен. Кичүү кызы менен начар шартта жашап келгени аныкталды”,- деди Казабаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Azura
2015-12-10 11:42:45
Бага албагандан кийин торобой эле коюушса. Байкуш наристе.
+12
dasta
2015-12-10 12:19:44
Azura, ар бир ымыркай оз ырыскысы менен жарык дуйного келет.комплемент айтканды жакшыырак уйронуп ал
-7
Azura
2015-12-10 12:30:21
dasta, эч кимге комплимент айтайын деген деле оюум жок.создун маанисин билип айттыныз бекен...
+2
kobra86
2015-12-10 14:55:46
Azura, Урматтуу момун мусулман бир туугандарым торолгон бала ырыскысы мн торолот баланы багыштан эмес тарбиясын ойлонуш керек. Бул жерде таежеси ачуулукка алдырып койгонго
+2
Medina87
2015-12-10 11:45:30
Наристенин жайы жаннаттан болсун! Ээзх, ташбоорлук.. Таэжеси тиешелуу жазасын алсын!
+9
Arslan12
2015-12-10 11:49:56
Наристенин жайы жанаттан болсун, таэжесине наалат, ХХХ го турган турушу менен.
+3
admin_superstan
2015-12-10 12:10:03
Arslan12, этика нормаларын сактаңыз!
0
roma91
2015-12-10 12:15:58
Окунучту олгучо таяктаганы эмнеси жайы жаннаттан болсун
+6
Elime
2015-12-10 12:21:38
Байкуш наристеде эмне куно.Бироого зар, бироого кор деген ушул экен да.Окунучтуу.
+7
almagul_aravan
2015-12-10 12:39:55
Atasy uksa jaman abalga tuwso k.k
+5
Nurbol
2015-12-10 13:01:28
Ушуга окшош коп балалуу кыйналган уй булолорго жардам, жер бербей эле кайра кайра эле байларга бере беришет мамлекет, бул мамлекеттин эн алсыздыгын коргозот
+9
Azura
2015-12-10 13:06:03
Таежеси баатыр эне наамын алганга документтерин откоруп жургон экен... баатыр эне-соз жок.синдисинин бир кызын батыра албаган.
+6
Aman.n
2015-12-10 13:20:07
кандай ушун дай окуйяга чара коро албайт
+1
Qnet
2015-12-10 13:32:53
Олгучо сабаган кандай зоокур аял бул?Журогу таш неме го...
+5
briliant87
2015-12-10 13:48:26
Кыйратыптыр.
+1
Afina
2015-12-10 16:00:14
кудай жазасын берсин.... акмак десе....
+2
ayjamal83
2015-12-10 18:19:35
Кандай гана акмакчылык! Кичинекей кыз алсызда,тийиштуу жазасын алсын,турмодон чыкса деле,адам олтургуч деп омуру откучо болот,туугандары жуз тартып,балдарын карматпай. 47 жашта аялдын климаксы келип ачуулука алдырган да.Кудайдан кечирим сурап,дин менен жашасын.
+1
Gulya21
2015-12-10 23:06:33
5жыл азго 10жыл болсо туура келет,жакырчылыкта кыйынчылыкта жашаган үй-бүлөнү балдары көп болот а байлардын болсо 1-2эле баласа болот ашып кетсе 3болот эх азыркы кичинекей наристелер өзүнүн эле туугандарынан жапа чегип сабалып өмүрү кыйылып жатат андай адамдарга Аллахым ыйман ынсап мээрим берсин
+1
mamashov-emil
2015-12-10 23:53:15
ehhh okunuchtuu jaiy jannattan bolsun! bizde jash baldarga karata zombuluktun jazasyn kuchotuu kerek sebebi akyrky jyldary aiabai konoiup ketti myndai temp menen ketse 10 jylda bashkacha bolot, oshon uchun ushundai kylmyshtuuluka omur boiu erkinen ajyratysh kerek je zakon kabyl alyp olum jazasyn tartkanga vhein jazany kuchotposo beijunoo bechara baldar bul duino menen koshtoshup ketip jatyshat(((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан