Бишкекте оппозициянын митинги аяктады

Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан оппозициянын митинги аяктады. Нааразычылык акциясына чогулгандар буга чейин айтылып келген талаптарды кайталашты. Ал талаптар: өлкө аймагындагы кендерди чет элдик инвесторлорго бербөө, саясий кысымды токтотуу жана башкалар. Буга чейин 5 миң адам катышат деп айтылып келген бул иш-чарага катышкандардын саны 300гө жеткен жок. Буга карабай, митингди уюштуруучулардын башында турган "Кыргызстанды сактоо кыймылынын" жетекчиси Мукар Чолпонбаев: “Митингге 5000 адам чакырганбыз. Бүгүн 1500дей жаран келди”,- деди. Айта кетсек, бүгүн, 13-мартта борбор шаарда нааразычылык митинги өттү.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан