Ашкабактын ичине героинди жашырып Бишкекке алып келүүгө аракет жасаган адам колго түштү (фото)

Жалал-Абад облусунда ашкабактын ичине 1 килограмм 805 грамм героин жашырып Бишкекке алып келүүгө аракет жасаган адам колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда облустук милициянын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, 12-декабрда саат 14:00 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 568-чакырымында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында Жалал-Абад ОИИБинин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Сузак РИИБинин тергөө ыкчам тобу менен биргеликте Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасын токтоткон.

"Текшерген учурда токтотулган автоунаада Бишкек шаарынын 1952-жылкы В.К. аттуу тургуну жүргүнчү катары отурган. Анын 2 даана ашкабагынын ичине жашырылып салынган жалпы салмагы 1 килограмм 805 грамм героин табылган. Суракта ал героинди Бишкек шаарына алып бара жатканын жана буга чейин 6 жолду соттолгонун айтып берди",- дешти милициядан.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча шектүүнүн кылмыштуу шериктерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
kama_future_millioner
2015-12-14 16:57:00
Мына сага бул жагы кинодогудайгооо
+4
edu.kg.
2015-12-14 17:16:39
Ашкабактын ичинде экенин кайдан билишиптир? Кызык.... Аны кимдир бироо билген саткан антпесе кайдан билинмек эле.
+18
Rifle_2
2015-12-14 18:48:34
edu.kg.,ашкабактын ичине салган киши да акылдуу окшойт , бирок ортосунан кесип салган учун кармалып калыптыр да.
+4
begai93
2015-12-15 03:57:30
edu.kg., чын эле кайдан билди экен. Мен да тан калдым! Муну бироо эле сатпаса биздикилер оо тонна алып кетип атса да камырабашса керек элего ))) же аябай катуу иштеп онугуп кетишкен )
+4
chyngyz-KG
2015-12-14 17:25:23
Жыл аяктап коп кылмыштар болуп кетет.Планга жеткириш учун.Озунчоле детективдер пайда боло калат.Оздорунун сценарии.
+8
daniyar84
2015-12-14 17:25:26
Буну саткан точна
+7
Maks_shop
2015-12-14 17:39:41
Подстава кылышкан
+6
zhykyo
2015-12-14 18:11:16
Таппасан сыйпалап кал деп ашкабактын ичине катса,таап  алышкан тура
+6
Futuro
2015-12-14 22:24:06
Оздору орт коюп, оздору очуруп эле убара.
+4
88inara88
2015-12-15 05:04:24
Бир киноодон коргон элем ар бир жанакты бутун экиге болуп ичине геройин салып кайра клейлеп тонна геройинди алып отушот.ашкабакта киноодогудай болуптурда
+2
tabyshmak
2015-12-15 10:24:21
Кыззыык... Эмне учун МАИлер токтоткон эмес? Эмне себептен банги заттарга каршы курошуу кызматынын кызматкерлери оздору токтотуп калышты экен? Бишкек-Ош унаа жолунун 568-чакырымында туруп алышып, автоунааларды текшеруу учун эмне себеп болуп, буйрук берилди болду экен? Кыскасы суроо коп, жооп жок.
+6
oljazbek
2015-12-15 12:13:58
Героин чегип жүргөн иттер мн оңой эле таап алат да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан