17-мартта Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрында опера ырчысы Сталбек Жунушалиевдин алгачкы концерти болот. Аталган театрдын расмий сайты кабарлагандай, бул иш-чарада ырчы дүйнөлүк опера, орусиянын элдик классикасы жана кыргыз композиторлорунун вокалдык чыгармаларын аткармакчы. Башталышы саат 17:00дө.