26-27-мартта Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрында АКШнын «iLuminate» бий тобунун концерти тартууланмакчы. Бул тууралуу аталган театрдын расмий сайты кабарлады. Айтылгандай, АКШнын модерн-балет артисттери өзүнүн ролдорунда заманбап хореографияны көрүүчүлөргө тартууламакчы. Маалым болгондой, «iLuminate» бий тобунун кечеси Кыргызстандагы АКШнын элчилиги тарабынан уюштурулуп жатат. Иш-чара саат 19:00дө башталат.