"Сакал" деген каймана ат менен белгилүү болуп, Эл аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Улан Токтосунов кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 21-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 19-декабрда саат 04:30 чамасында Стамбул-Бишкек каттамы менен кыргыз жерине учуп келген У.Токтосунов кармалган. Учурда тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигине каттоого алынган.
Улан Токтосунов 1978-жылы Талас облусунда туулган. Спорттук мектепти аяктаган, Кара-Балта шаарында жашап келген. "Бейбаштык", "өз балдарын камсыздоодон баш тартуу", "соттун чечимин аткарбоо" беренелери менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 2015-жылдын май айынан тартып "Дамке аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрдү" деген шек менен ага эл аралык издөө жарыяланган.