15-мартта Бишкектеги Улуттук консерваторияда япониялык музыканттар концерт берет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Концерт көптөгөн эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү Акико Хаякава, Это Сатико жана Коичи Иноуэнин катышуусу менен өтөт. Иш-чараны Бишкек шаардык мэриясынын симфониялык оркестри коштойт.
Анда дүйнөлүк улуу музыканттардын чыгармалары аткарылат.