2-7-апрель күндөрү Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында “Мода жумалыгы-2013” аттуу кийимдердин жазгы көргөзмөсү өтөт. Айтылгандай, иш-чарага катышкан уздардын кийимдерин каалоочулар ошол жерден эле сатып алса да болот. Айта кетсек, 2-апрелде жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн кийимдеринин көргөзмөсү өтсө, 3-5-апрель күндөрү жаш уздардын кийимдеринин сынагы болот.
Ал эми 6-7-апрель күндөрү жумалыктын алкагында эң мыкты деп табылган кийимдердин көргөзмөсү орун алат. Уздардын өнөрлөрүн Орусиядан келген калыстар тобу баалашмакчы.