Ош облусунун Кара-Суу районунда белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду аткылап салышты. Бул тууралуу Ош облусу жана Ош шаары боюнча Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 22-декабрда саат 22:50 чамасында Нариман аймагынын ооруканасына азиат улутундагы 35-40 жаштардагы адамдын жансыз денеси алынып келингени боюнча маалымат милицияга түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, 12 гильзаны тапкан. Маркумга 9 ок тийгени аныкталган. Ал Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылынын 1978-жылкы тургуну Юнусжан Абдужалилов экени белгилүү болгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө окуянын чоо-жайы аныкталган. 22-декабрда болжол менен саат 22:30да белгисиз адам Абдужалиловго телефон чалып, сыртка чыгууну суранган. Ал үйүнөн чыкканда белгисиз адамдар ага карата ок чыгарып, унаа менен качып кетишкен.
Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Каза болгон жаран жылытуучу мештерди жасоо менен алектенгени белгилүү болду.