Чүй облусунда унаа уурдагандар жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 22:30 чамасында Токмок шаарынын нөөмөт кызматына Бишкек шаарынын тургунунан билдирүү түшкөн. Анда 28 жаштагы Т.А. аттуу таксист Абдрахманов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинен Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаасына отургузган эки кардарынан катуу ур-токмокко алынганын айткан. Медициналык бет каптарды кийген эки белгисиз адам айдоочуну унаанын артына салып, аны Токмок шаарын көздөй алып кетишкен. Жолдо таксист унаанын артынан эптеп секирип түшкөнүн айткан.
Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда алар изин жашыруу максатында Бишкек-Торугарт унаа жолунда бара жатышып жол кырсыгына кабылышкан. Натыйжада саат 01:30 чамасында унаа аңтарылып, анын ичиндеги Каракол шаарынын 19 жаштагы Х.Ш. аттуу тургуну каза тапкан. Ал эми 18 жаштагы К.А. аттуу жаран оор жаракаттардан улам жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери улантылууда.