6-9-май күндөрү Бишкекте Сауд Арабиянын маданий жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул иш-чараны уюштуруу аталган министрликтин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Нурдавлет Нурмамат уулу менен Сауд Арабиянын Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлү Марай Барак Аль-Дербастын жолгушуусунда сүйлөшүлгөн. Маданий жумалыкта араб элинин турмушун чагылдырган сүрөт жана китеп көргөзмөсү, документалдык тасмалар тартууланмакчы.