НТСтин операторун биринчи унаа сүзүп кеткенден кийин аны каршы тилкеде келе жаткан унаа тебелеп кеткен

29-декабрда саат 22:10 чамасында Бишкектин Чүй жана Тынчтык кең көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа НТС телеканалынын оператору Жоомарт Асанбековду сүзүп кетип, ал окуя болгон жерден каза тапкан. Оператор ошол аймакта Жаңы жылга карата видеосюжет тартып жатканы белгилүү болгон.

Жол-кайгуул кызматынын маалыматына караганда, Мерседес-Бенц 320 унаасынын айдоочусу тартуу иштери менен алектенип жаткан операторду сүзүп кеткен. Андан соң жабыркаган операторду каршы тилкеде келе жаткан Lexus RX 300 унаасы сүзгөн. Бул боюнча соттук медициналык экспертиза, автотехникалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
mr.sher
2015-12-30 11:50:01
Бейишинен берсун.
+7
Ainagula
2015-12-30 11:52:31
Жаткан жери жайлуу болсун. Созсуз, кылмышкерлер жазасын алышсын.
+4
Artyr1994
2015-12-30 12:38:16
Ainagula, арар кылмышкер эмес. Оператор ОЗУ кунолу да жоолдун ортосуна чыгып алып тартып жаткан да
+2
Kara-kulzha
2015-12-30 12:02:04
Жайы жаннаттан болсун
+3
ediko85
2015-12-30 12:39:35
Бул жерде эчкандай кылмышкер жок бул кокустук ажалы жеткен видео сюжет дайардаса эки жагына кичине белги койуп тартышкерек может жолдун ортосуна чыгып тарткандыр атайлап эчким тебелебесе керек...
+6
nuriyaeljan
2015-12-30 13:06:08
Ээ Кудайым кутулбогон кырсыктан курук дооматтан сакта.
+4
Rifle_2
2015-12-30 13:15:04
Жолдун ортосуна эмнеге чыкты экен байкуш. Ырыскысы түгөп калган экен да байкуш, жол кырсыгы себеп болду. Туугандарына көңүл айтабыз !!!
+1
Ba-xa
2015-12-30 20:26:16
кесиптештин жаткан жери жайлуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан