Ырчы Гүлнара Калдарованын “Сага жетпей” аттуу ыры жарыкка чыкты. Ырдын сөзү Садырбек Алымбековго, обону Жумабек Сагынбаевге таандык. “Бул эски ыр. Биринчи укканда эле жактырып калып, кайрадан жаңыртып, жаңы стилде ырдап чыккым келди”,- дейт Калдарова. Айта кетсек, ырдын клиби жакын арада көрүүчүлөргө тартууланат.