22-мартта Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында “Жаз-жай-2013-2014” аттуу мусулман кийимдеринин көргөзмөсү болот. Маалым болгондой, бул иш-чарада 10 кол өнөрчүнүн 15 кийими коюлат. Ошондой
эле эки жаңы дизайнердин 5тен кийими көрүүчүлөргө тартууланат. Айта кетсек, мусулман кийимдеринин көргөзмөсү өткөн жылы 22-ноябрда Кыргызстанда биринчи жолу болуп өткөн.