Футбол боюнча улуттук курама команда Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 107-орунду ээлеп, өз рекордун жаңылады. Декабрда жаңыланган рейтингде улуттук курам 108-орунду ээлеп, 2006-жылы коюлган рекордду жаңылаган (анда 119-орун болчу). Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, кыргыз футболчулары 2015-жылдын 3-декабрынан 2016-жылдын 7-январына чейинки аралыкта оюн өткөргөн жок. Ошентсе да алдынкы орунга жылганыбыз алдыдагы командалардын өз ордуларын сактап кала албаганы менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Тандоо турунда бир тайпада кыргыз футболчуларына каршы ойногон Австралия курамасы 59-орунду (2 орун артка жылды), Иордания курамасы 86-орунду (1 орун алдыга жылды), Тажикстан курамасы 148-орунду (жылган жок), Бангладеш курамасы 179-орунду (3 орун алдыга жылды) ээледи.
Алдынкы үчтүктө Бельгия, Аргентина жана Испания курамалары ордуларын сактап калышты.
Ал эми Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде мамлекетибиздин курамасы 13-орунду ээлеп турат.