Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде 120-орунга көтөрүлдү

Бүгүн, 16-октябрь күнү эл аралык Футбол федерациясынын жаңыланган рейтингинде Кыргыз улуттук курама командасы 2 орунга көтөрүлүп, 120-орунда жайгашты. Кыргыз өлкөсү октябрь айында Мьянма курамасы менен бир беттеш өткөргөн.

Аталган рейтингде Азия Кубогуна тандап алуу оюндарындагы Кыргыз курамасынын атаандаш командалары, Индия 106-орунда, Мьянма 155-орунда жана Макао 180-орунда турат.

Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Германия турат, алдынкы ондукта Бразилия, Португалия, Аргентина, Бельгия, Польша, Франция, Испания, Чили жана Перу командалары жайгашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2017-10-16 15:39:03
Болот,Азияда которулсо болот.Биздикине окшогон карликовый командалар ото коп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан