Бишкек - Ош унаа жолунда 5 адам жол кырсыгынан каза болду

Бишкек - Ош унаа жолунда катталган кырсыктан улам 5 адам каза таап, 6 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Республикалык жол-кайгуул кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгы 10-январда саат 19:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 169-чакырымында болгон. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып, Мерседес-Бенц V220 үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Натыйжада Мерседес-Бенц V220 үлгүсүндөгү унаанын 50 жаштагы айдоочусу, 15 жана 63 жаштагы жүргүнчүлөр каза болушкан. Ал эми аталган унаада каза болгон 50 жаштардагы кишинин жана 40-45 жаштар чамасындагы аялдын өздүгү такталууда. Ар түрдүү жаракаттар менен 7, 17, 30, 31, 39 жана 46 жаштагы жүргүнчүлөр Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Учурда бул факт боюнча Хонда Степвагон унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
RNA78
2016-01-11 15:29:53
Хонда Степвагон менен тиричилик кылган айдоочулар, абайлап айдагылачы??? Мен ушул убакка чейин Степди жай айдаган айдоочуну коро элекмин, качан карасан шашып айдап журушот, каршы тилкеде машина келе жатса да чыга беришет. Каза болгондордун жакындарына АЛЛА сабыр берсин, аман калган жургунчулор сакайып кетсин.
+13
miki-84
2016-01-11 17:56:32
RNA78,эн туура айтасын бир нерседен кур калгандай айдайт
+2
kanykey125
2016-01-11 15:32:49
Жаткан жерлери жайлуу болсун оомийн..коп кишки кете бериптир..абайланыздар ..
+5
tynara81
2016-01-11 15:39:27
10-январь саат 20.14 тө Хонда Степвагон менен Мерседес- вито сүзүшүп, эки адам каза болду деп берилген кабар менен бул кабар бир эле кырсыкты жөнүндөбү. Өлгөн адамдын саны 5 ке жеттиби ошондо. Дегеним убакыты, 169 чакырым дегени, унаа аттары окшошуп атат да
+1
Asa0033
2016-01-11 15:50:05
tynara81, анда 2 адам олгон, 9 адам жаракат алган. Мунусунда 5 адам олуп жатат, 6 жаракат алып. 168 менен 169 чакырымдын айрымасы бар да . Убактысын карасан 19да анан 20:14да деп журот. Кудай башка салбасын мындайды. Жакындарына конул айтам.
+2
tynara81
2016-01-11 18:15:29
Asa0033,169 чакырым деп турат да экөөндө тең. Экөөндө тең 11 адам болуп атат. Берки кабарда 2 каза болду, 9 жарадар десе, мында бешөө каза болду, алтоо жарадар дейт. Убакытты болжолдуу түрдө айтып коюшу мүмкүн дейм да.
Экөө бир эле болгон болсунчу, кырсыктын саны көбөйбөй.
Админ, так жооп берип койгулачы, талаштырбай
0
admin_portal
2016-01-12 12:16:04
tynara81, саламатсызбы!
Тилекке каршы, экөө эки башка кырсык.
0
tynara81
2016-01-11 18:23:25
Asa0033,Жарадар болгондордон үчөө каза болуп калдыбы дейм да. Болгону ал кабарды ӨКМ, бул кабарды жол кайгуул кызматы билдириптир. Чакырымда, адамдардын санында, унаа үлгүлөрүндө мындай дал келүү болбосо керек дегеним.168 чакырым деп жазылган жерди издеп таппадым, кайдан көрдүңөр.
0
tynara81
2016-01-11 15:40:25
Кырсык каш кабактын ортосунда деген ушүл да. Каза болгондордун жайы бейиштен болсун! Жакындарына сабыр тилейм
+2
Asa0033
2016-01-11 15:51:57
Кунуго мындай кырсыктар коп болуп жаткандай сезилчу болду. Унаа айдагандан да коркуп баратам.
+2
Er-jurok
2016-01-11 16:13:40
Менда ушу степ айдагандарды жиним суйбойт да негедир. Бир нерседен куруу калгансып каттуу айдайт. Акырын журо 90-100 менен.
+1
Bayjigit83
2016-01-11 17:37:59
Рулду башкара албай эле.
Он рулдулар дайыма каршы тилкеге чыгат.
0
bolotbai3
2016-01-11 20:29:07
Каап жаман иш болгон экен,каза болгондордун жаны бейиштен болсун,жакындарына конул айтам.Негизи степ айдагандар аябай катуу айдашат.Ушул степ айдагандарды бир мектептен окутуп чыгарабы деп ан тан калып ойлой берем да.Учат тим эле ракетадай атырылышып.
0
Temir.WwwKG86
2016-01-11 22:15:32
Ыйманы Саламат болсун жаман иш болуптур .,эми степ вагон айдагандар Аман эле болушсунчу дагы да аларды кудай сактап ушунча сакталып турушат ото жаман ото каттуу айдашат степ вагондогу олбогон болсо иш козгош керек кылмыш ишин мен ишенем кунолу деп.
0
JoldoshMantekov
2016-01-11 23:20:02
жайлары жаннатта болсун!
Он рульдагы авто унааларга алыс жолго жургунчулорду ташууга тыйюу салынды беле негизи? Жээ ал кучуно кире элекби?
0
kuba-kj
2016-01-12 03:40:53
Ошол степ деген машинанын ордунда сол рулдуу машине болгондо кырсык болмок эмес. Анткени степ деген он рулдуу машина, анан да ылдам журот, сабеби кубаты кучтуу. Бирок степ айдаган тасисттер баары бири бири менен атаандашат, жургунчулорорду уйуно жеткирип коюп каалаганынча басып айдабайсынбы. Канча туугандарыбыз бей ажал олуп кетип жатышат...
0
kuba-kj
2016-01-12 03:42:31
Анан да айта кетчу нерсе,1 чи январдан он рулдуу унаалар жургунчу ташыбайт деген закон кучуно кирмек? Бирок ал соз турундо болууда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан