Борбор калаада унаасына 3,5 миллион сомдук баңгизатты салып жүргөн 4 адамдан турган топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда КРнын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4 кишиден турган топ Чүй облусун жана борбор калааны баңгизат менен камсыздап жана аны сатуу менен алектенип келген. Кечээ, 11-январда Ибраимов көчөсүнөн кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрүү операциясы жүргөн. Анда Тойота үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анын ичинен Ош облусунун 23 жаштагы С.У., М.Р., 29 жаштагы Б.М. аттуу тургундары жана 37 жаштагы У.А. аттуу Бишкектин жашоочусу кармалган. Унааны тинтүү маалында андан 3 килограммга жакын баңгизат табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында табылган зат жалпы салмагы 2,941 килограммды түзгөн героин экени аныкталган. Анын баасы 3,5 миллион сомду түзмөк. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.