№50-СИЗОдон качкан кылмышкерлердин иши боюнча соттук отурум кечээ болмок, бирок кылмышка шектүү жана айрым жабырлануучулар келбей калгандыгына байланыштуу 28-январга жылдырылган. Бүгүн тергөө амалдарында кылмышкерлердин берген көрсөтмөлөрү массалык маалымат каражаттарынын бирине чыгып кетти.
Бул туурасында бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова төмөнкүлөрдү билдирди: "Соттук териштирүү аягына чыкпай жатып кылмышкерлердин көрсөтмөлөрү коомчулукка тарап кеткендиги мыйзамга туура келбейт. “Тергөөнүн сыры” деген түшүнүк бар, кылмыш боюнча акыркы иш-аракеттер жүргүзүлүп, жыйынтык алып келмейин ал тууралуу маалыматтар жашыруун болууга тийиш. Мыйзам чегиндеги чектөөлөргө таянган маалыматтарды гана берип, таратууга уруксат. Учурда көрсөтмөлөрдүн тарап кеткендиги
моралдык-этикалык жактан туура эмес. Бул атайын жасалышы да мүмкүн. Канча күнөөсүз адамдар да өлдү, алардын артында үй-бүлөлөрү калды, ошолорду да ойлоп коюшса болмок. Эгерде каза болгон кызматкерлердин жакындары арыз жазышса, факт боюнча иликтөө жүрүшү мүмкүн. Учурда бул маалыматтар жактоочулар аркылуу тарашы мүмкүн деген версия бар".
Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.
Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.
Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды. 22-октябрда Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы №8-Б көп батирлүү үч кабаттуу үйдө кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп каршылык көрсөткөн. Ок атышуу болуп, А.Итибаев өлтүрүлгөн.