"Ак илбирс" Улуттук киносыйлыгына катышуучуларды кабыл алуу старт алды

18-мартта "Ак илбирс" Улуттук киносыйлыгына катышуучуларды кабыл алуу старт алды. Бул тууралуу “Кыргызфильм” киностудиясынын башкы директору Таалайбек Кулмендиев маалымат жыйында билдирди. Айтымында, бул сынакка атактуу “Оскар” сыйлыгынын талаптары коюлган. Кино тармагындагы ишмерлер төмөнкү наамдарга ат салышмакчы:

“Эң мыкты тасма”, “Эң мыкты сценарий”, “Эң мыкты режиссёр”, “Эң мыкты оператор”, “Эң мыкты сүрөтчү”,

“Эң мыкты композитор”, “Эң мыкты үн режиссёру”, “Эң мыкты актёр”, “Эң мыкты актриса”, “Эң мыкты продюсер” жана “Көрүүчүлөр тарабынан тандалган эң мыкты тасма”.

Айта кетсек, биринчи жолу "Ак илбирс" сыйлыгын тапшыруу аземи 2012-жылы 27-октябрда өткөн. Ал эми быйыл сынактын жыйынтыгы 15-майда чыгары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан