19-мартта саат 10:30да Бишкектеги Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейинде аталган инсанды эскерүү кечеси өтөт. Мында катышуучуларга И.Раззаков тууралуу тартылып жаткан даректүү тасманын үзүндүсү тартууланат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта аталган музейдин кызматкерлери билдирди. Айтылгандай, эскерүү кечесине белгилүү коомдук ишмерлер, жазуучулар жана коомдук фонддордун жетекчилери катышмакчы. Эскерте кетсек, Раззаковдун дүйнөдөн кайтканына быйыл 34 жыл болот.