Бүгүн, 18-мартта Бишкектеги улуттук китепканада акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесин утурлап, анын өмүр таржымалына арналган иш-чара болуп өттү. Бул кече “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесинин демилгеси менен уюштурулуп, аталган китепкананын алдындагы акындын эстелигине гүл коюу менен башталды. Китепкананын залында атайын сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, белгилүү манасчылар манас айтып, окуучулар, студенттер жана акындын чыгармачылыгын сыйлаган адамдар катышты. Айта кетсек, актёрлор Дүйшөн Байдөбөтов, Эгемберди Бекболиев, акын Зайырбек Ажыматов, режиссёр Сагынбек Ишенов, ырчы, обончу Абидин Темиров жана башкалар болду иш-чарада.