Президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскаддары ГЭСин куруу жөнүндө Орусия жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы жетишилген макулдашууну денонсациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан 22-январда билдиришти.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 20-январда кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Орусияга денонсациялоо жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди.
Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.