23-мартта Лондон шаарындагы University College London окуу жайында Нооруз майрамына арналган кече уюштурулуп, ага Кыргызстандын студенттери да катышат. Маалым болгондой, бул иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Татарстан өлкөлөрүнүн студенттери чакырылган. Анда жаштар өз өлкөлөрүнүн улуттук тамак-аш, кийим-кечелерин көрсөтүп, салттуу ыр, бий, оюн-зоокторду тартууламакчы. Бул иш-чараны Лондондогу кыргызстандык атуулдар уюштурууда.