АКШнын Чикаго шаарындагы кыргызстандыктарга Нооруз күнүнө карата майрамдык маанай тартуулоо үчүн куудул Талант Анарбаев, ырчы Ильяз Абдыразаков аталган өлкөгө аттануу алдында турушат. Чыгармачыл топ 22-мартта сапар алат. “24-март күнү мекендештерибизге концерт тартуулайбыз. Ал жерге бизди кыргыз диаспоралары жана жөнөкөй эле туугандарыбыз чакырып жатат. Мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, АКШдан клип тартып келүүнү да ойлонуп жатам”,- дейт Талант Анарбаев.