Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин №64479-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Абытбек уулу Мамарасулду токмоктоп салышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Аскерлердин энелеринин республикалык комитети жабырлануучунун энесине шилтеме берүү менен жарыялады.
Маалыматка ылайык, окуя 21-январь түнү орун алган. Абытбек уулу Мамарасулду ур-токмокко алды деп ротанын командири, капитан Аралбаев шектелүүдө. "Учурда жабырлануучу аскердик госпиталда жатат. Окуяны Аскер прокуратурасы тергөөдө. Аскерлердин офицерлер тарабынан токмокко алынышы, тилекке каршы, мезгил-мезгили менен кезигип турат. Ушундай зөөкүр командирлерди жетекчиликтин жаап-жашырганы өкүндүрөт",- деп айтылат маалыматта.