Журналист Аргентинанын президентинин бетине микрофонун тийгизип алды (видео)

C5N телеканалынын журналисти Аргентинанын президенти Хавьер Милейдин бетине микрофонун тийгизип алды.

Милей журналистке "сен мени атайылап урдуң" деп нааразы болгон.

Чет элдик басылмалар окуя Аргентинанын лидери Буэнос-Айрес шаарынын мыйзам чыгаруу органына болгон шайлоого добуш берүү үчүн барган Альмагро районундагы Улуттук технологиялык университетинде жайгашкан шайлоо участкасында болгонун жазышты.

Президенттин жардамчыларынын бири окуядан кийин аны менен сүйлөшүү болгонун билдирген. Анда журналист бардыгы кокустан болгонун, анткени артындагылардан бирөө түртүп жибергенин айтып, орун алган жагдай үчүн кечирим сураган.

18.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан