ЭЛДИК КАБАР: Нарын. Жер-Көчкү айылынын жашоочулары арыктан суу ичүүгө мажбур болуп, альвеококкоз оорусу менен оорушууда

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Жер-Көчкү айылында таза суу маселеси курч болууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Биздин айылыбыз абдан кичинекей жана тоолордун арасында жайгашкан, райондон алыс. Мөмө-жемиш бышпагандыктан, жашоочулар мал чарбачылыгы менен алектенишет. Биздин айылдын көйгөйү - таза суу маселеси. Сууну арыктан алып ичебиз. Өйдө жагында мал жайылат. Кышкысын муз тоңуп калгандыктан, ортосунан кудук чыгарып, сууну ошол жерден алабыз. Ал эми жаз келип муздар эригенде суу абдан кир агып калат, башка жерде суу жок болгондуктан, кир суудан алабыз",- дейт окурман.
"Эң эле оор маселе - ошол суудан оору жугуп жаткандыгы. Ал оору альвеококкоз деп аталат. Аны операция жолу менен гана айыктырууга мүмкүн. Ал оору билинбейт. Эгер күчөп кетсе, адам өлүмгө дуушар болот. Бул ооруда боордо курт пайда болуп, боорду жеп салат. Биздин айылдан бир адам каза болгон жана ондон ашык адамга операция жасалды",- деп кабарлайт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан