Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан 12-октябрда кылмышкерлердин качышына ЖАМКтын жетекчиси жана орун басары күнөөлүү. Мындай билдирүүнү бүгүн, 26-январда ЖАМКтын отставкадагы ардагери Эрнст Исаев билдирди.
"Абактан кылмышкерлер качууга даярдык көрүп жатат" деген маалымат УКМКдан бир нече күн мурун Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине келип түшкөн, бирок буга эч кандай чара көрүлгөн эмес. ЖАМКтын жетекчисинин жана анын орун басарынын көңүл кош мамилесинен абактын канча кызматкери өмүрү менен коштошту. Мен Мамыркулов менен бул тууралуу сүйлөшкөнүмдө ал муну Коопсуздук кызматы даярдап жатканын билдирген болчу",- деди Исаев.
Эске салсак, №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүраков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.
Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.
Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды. 22-октябрда Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы №8-Б көп батирлүү үч кабаттуу үйдө кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп каршылык көрсөткөн. Ок атышуу болуп, А.Итибаев өлтүрүлгөн.