25-31-март күндөрү Бишкекте Франкофония жумалыгы өтүп, анда кыргыз журтчулугу Франция жана Швейцария өлкөлөрүнүн маданияты менен тааныша алат. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Элен Гобильяр маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул жумалыктын алкагында эки өлкөнүн кино жана музыка искусствосу тартууланат. Иш-чарага швейцариялык "TAFTA" аттуу поп-рок тобу да келери айтылды.