Аламүдүн районунда көпүрөдөн унаа кулап, 4 адам каза таап, 2 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Васильев жана Бирлик айылдарынын ортосунда орун алган. Анда Тойота Камри үлгүсүндөгү унаа көпүрөдөн кулап кеткен. Унаанын ичинде 6 адам болгон, 4 адам каза болуп (2 кыз, 2 жигит), 2 киши (2 эркек) ар түрдүү жаракаттарды алып, Чүй облустук ооруканасына жеткирилишкен. Учурда каза тапкандардын аты-жөнү такталууда.