Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ырчылары арасындагы “Евразия жылдызы” фестивалынын финалы Ысык-Көлдө өтөт. Бул маалыматты Анкарада түркиялык ТРТ Аваз телекомпаниясынын башкы директору Ибрахим Шахин эл аралык "Түрксой" уюмунун 2013-жылдагы журналисттер арасындагы сынагынын жеңүүчүлөрү менен болгон жолугушууда айтты. Бул жолугушууга Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Татарстан, Башкортостан мамлекеттеринин журналисттери катышты. Аталган фестиваль быйыл август айында өткөрүлмөкчү.