Бишкекте жеңил унаа менен маршруттук такси кагылышып, 12 адам жабыркап, алардын үчөөсү жандандыруу бөлүмүнө түштү

Бишкекте катталган жол кырсыгынын кесепетинен маршруттук такси аңтарылып, 12 адам жабыркады, анын ичинен 3 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Атыр Бекмурзаева билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн эртең мененки саат 06:45 чамасында болгон. Хонда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Токтогул көчөсү менен батыш багытында баратып №195-маршруттук такси менен кагылышкан. Анын кесепетинен маршруттук такси аңтарылып кеткен, натыйжада 9 адам ар түрдүү жаракаттарды алып №4-шаардык ооруканага жеткирилсе, 3 адам оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alicia
2016-01-27 12:42:24
Marshrutkanyn naidoochulary kachan adamcha mashina aidagandy uironushot?
+5
Mystery
2016-01-27 13:14:14
Alicia,айтпа, булардын психологиясы эптеп озуп 2 киши салып 20 сомго жанталашат пдд бузуп. Анан да башка женил унаалар булардан коркупэтият алыс айдаарын сезишип ого бетер нахалданышат
+2
AiBoru
2016-01-27 12:49:57
Машинанын саны да кобойду, ага кошулуп куболукту сатып алып, эреже бузган айдоочу да кобойду. Жыйынтыгында куноосуз байкуштар жабыр тартып жатышат.
+4
Usow
2016-01-27 13:27:08
Ассстагфируллах кун откон сайын автокатастровка кобойуп эле кетип атат аран 6 млнго жетсек минтип кырсыктын артынан азайып кетебизго
+2
mirlan15
2016-01-27 14:15:40
Бул правиланы билбегендиктен ,сатып алгандыктан келип чыгат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан