Токтогул районунда ымыркайын дааратканага таштап кеткен аял табылды

Токтогул районунун Токтогул шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дааратканасына ташталган ымыркайдын энеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, табылган ымыркай эркек бала, учурда ал ооруканада тиешелүү медициналык жардам алууда, абалы канааттандырарлык. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында баланы таштаган кыз Сары-Сөгөт айылынын 1992-жылы туулган тургуну А. к. А. экени аныкталган, учурда ал да ооруканага жатканы белгилүү болду. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, кечээ, 27-январда саат 21:47 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №97-өрт-куткаруу бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда көп кабаттуу үйдүн жалпы дааратканасына белгисиз бирөө жаңы төрөлгөн баласын таштап кеткени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Nasi1981
2016-01-28 12:58:39
Ууф айбан дегин дагы мындай акмакты. Айбан да тууган баласын айланчыктап коргойт. Мээримсиз мерез, кантип колу барды экен? Ушуга окшогон жексурларга Аллахым бала бербей эле койсо экен, ыйлагын келет.
0
makemake1979
2016-01-28 13:09:28
Жаштык кылдыда,каргап шилеп,уруша бергенде пайда жок андан коро акыл айтып кечиримдуу бололу,
+1
tokitok
2016-01-28 13:34:13
кереги жок болсо багып алам дегендер канча
0
Lili
2016-01-28 13:46:33
92 жылкы неменин жаштыгы калдыбы, озуно жан керек экен больницага жатыптыр, озу тушпойбу ошо туалетке
+2
Alixan-Nookat.2015
2016-01-28 13:46:41
А.К.А дебей толук аты жонун жазып уят кылса болбойбу?
0
chalkan
2016-01-28 13:52:11
Жашабай, жатып кукук болоюн дегенго.
0
aydarov...
2016-01-28 14:02:09
Эхх бирого кор а бирого зар деген ушулда
+1
karona
2016-01-28 14:25:33
Уят олумдон катуу деген ушу да, элге шерменде болгондон коро оз баламын жанын алганым жакшы деп ойлогон акылы кыска
+1
Makain
2016-01-28 16:25:04
Жатканды билгенден кийин бакканды да билда.
+1
samidinova84
2016-01-28 16:56:27
Азыркы заманда бир нерсе деп сын айтыш кыйын,баарыбызда кыз бар.Аябай эле жашоодо чон ката кетирди бирок.
0
aiposha
2016-01-28 18:01:45
не олойун деп калышканбы? уялбай кайсыл беттери менен таштап кетип атышат. Хотя бы балдары жоктордун уйуно ташташпайбы анча болду. Дааратканага таштабай акмактар десе
0
zhykyo
2016-01-28 18:25:49
Отуруп кайра туруп кеткен экен да мээсинин ошого жеткенин кара
0
Karaeva
2016-01-28 21:56:20
Ээ биздин кыздар ушунчалыка барып калышканын карагылачы,тороп эле таштай берсе качан ойгонот кыз деген намысы,мына орустарда 13жаштагысы деле тороп багып атышпайбы уялбай нетпей эле элдин алдында айтып,биздин тороп кеткен суулуну жаш дейсинер,24жашта жаш болбой как баш болуп калат ко адам деген азыркы бар жок нерсе онукон маалда.неси болсо да кызбы балабы ыйман берсинчи алла балдарыбызга.Баланын бактысын коро элек кыз эми арманы айтып буткус болот кийинки жашосунда.
0
AlbertEnshtein
2016-01-29 05:07:06
Бул маселеге башкача карап корбойлубу: балким ал кызга атанеси же жигити тушунуп аяр мамиле жасашса, колдоо корсотсо балким кыз анчалыкка барбайт беле
0
aigerim-almazbekova
2016-02-01 07:57:28
menin jerdeshim gooo ,atyn toluk jazyp koigulachy
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан