Этноакын Тата Уландын рок стилинде жазылган “Ай жаңырып” аттуу жаңы ыры жарык көрдү. Сөзү, обону ырчынын өзүнө таандык. “Бул ырда жашоонун маңызын чагылдырууга аракет кылгам. "Жашоодо чын эле туура жашап жатасыңбы же туура жашайм деп ойлойсуңбу?" деген ойлор камтылган. Мындан сырткары башкалардан өзгөчөлөнүп, ырга гитара жана комуз аспаптарын коштум. Жакында бул ырдын клиби да тартылат”,- деди ырчы мырза.