Токтогулда ымыркайын дааратканага таштаган энеге карата кылмыш иши козголду, баланын абалы канааттандырарлык

Токтогул шаарында ымыркайын дааратканага таштаган энеге карата "жаңы төрөлгөн баласынын өмүрүнө кол салуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Анын энелик укуктан ажыратылышы боюнча маселени социалдык органдар карашат. Ооруканага жаткырылган баланын абалы канааттандырарлык. Бала маалына жетип, 2 килограмм 535 грамм салмакта төрөлгөн. Бул тууралуу 28-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, окуя 27-январда саат 21:47 чамасында болгон. Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №97-өрт-куткаруу бөлүмүнүн жана Токтогул райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери келишкен.
Даараткананын жанында көп кабаттуу үйлөр жайгашкан. Ал жерде жүргөн жашоочулар кечинде баланын ыйлаган үнүн угуп калышкан. Дааратканадан ымыркайды жергиликтүү тургун Жапар уулу Асанкул чыгарып, дарыгерлерге берген. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү аял кармалган. Анын мурун ажырашканы жана бир баланы тарбиялап келгени аныкталды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Svoboda83
2016-01-28 18:56:00
Акмак экенсин ошону мурун ойлонуп корбойт белен наристеде эмне куноо элден уйалып ошону кылдынбы кудайдан корксон болмок эми кылган ишине жооп аласын наристенин качып кеткен атасыда акмак бага албасан бироого бербейт белен Наристе периште ден-соолугу чын омуру узун болсун
+6
2014_samat_DJ
2016-01-30 04:06:09
Бети жок балага зар болуп жургон энелерге берсен болмок кантип колун барды таштаганга.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан