Борбордогу Аламүдүн-1 кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 5-кабатынан секирген 14 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда SUPER.KG'ге Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков билдирди.
"Ооруканага түшкөн кыздын абалы оор бойдон калууда, ал учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын 2 кабыргасы сынган, баш мээси чайкалган, башынан оор жаракат алган, бутунун сан сөөгү да сынып кеткен. Учурда ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө",- деди Т.Өмүрбеков.
Айта кетсек, окуя кечээ, 28-январда болгон. Анда 14 жаштагы өспүрүм кыз ата-энеси менен урушкан соң 5-кабаттан секирип кеткен. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголгон жок, себеби бул өзүн өзү өлтүрүү аракети болгон.