Бүгүн, 19-мартта Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев менен Түркмөнстандын Маданият министри Гунча Мамедова жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу учурунда эки тарап кыргыз-түркмөн өлкөлөрүнүн маданият жана гуманитардык алакаларын улантуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүштү. Мындан сырткары, 21-мартка карата “Нооруз - тынчтыктын жана гуманизмдин майрамы” аттуу эл аралык конференция болуп, анда “Ак марал” бий ансамбли талантын тартуулашмакчы.