Москвада өрт кырсыгынан 12 адам каза болду, алардын арасында кыргыз жарандары бар

Москвадагы Стромынка көчөсүндө 30-январдан 31-январга караган түнү болгон өрттөн кыргыз жана өзбек жарандары каза табышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Стромынка көчөсүндөгү тигүү ишканасындагы өрттөн 12 адам, анын ичинен 3 кичинекей бала каза тапкан. Алардын 8и кыргыз жараны, Орусиянын жарандыгын алган кыргыздардан жана өзбек жарандарынан 2ден адам болгон. Өрттөнүп жаткан имараттан Кыргыз Республикасынын 2 жараны, Орусиянын жарандыгын алган 1 кыргыз жана 1 өзбек жараны качып чыкканга үлгүрүшкөн.

Укук коргоо органдары өрттүн эки булагы болгондуктан, имарат атайылап өрттөлүшү мүмкүндүгүн айтышкан. Адам өлүмүнө алып келген өрт кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголду.

Москвадагы Стромынка көчөсүндө өрт уланууда
Москвадагы өрт учурунда 12 адамдын сөөгү табылды
Москва. Өрт. 12 адам күйүп кетти (((
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aikokul14
2016-02-01 08:59:14
Кудай сактасын,чет жерде жургондор аман-эсен жерибизге кайтып келгиле.
+5
ar4itake
2016-02-01 10:24:18
Тигуу иш-канасында 3 кичинекей бала?
Жаман эле болуптур.
+1
Topcubai
2016-02-01 11:08:45
Кайсы метродо болгон?
0
MAN-CITY
2016-02-01 11:24:15
Topcubai,Сокольникиде болгон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан