Катуу сабалып, Жалал-Абаддан Бишкекке качкан 17 жаштагы Назбийкенин апасы Айнура кызын токмоктогонун танган жок.
SUPER.KG порталынын кабарчысы жабырлануучу кыздын апасы менен байланышканда, ал кабарчыны «кыздарды, балдарды Сирияга сатып жатасың», «сен "Билайндан" чалып, 1200 сомумду уурдагансың», «Назбийкени коркутуп мектептен алып кеткенсиң» деп негизи жок күнөөлөй баштады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал журналисттин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, улам-улам сөздү бурмалоого аракет жасап жатты. Башында ал учурда Бишкекте экенин айтып, ага жолугушуу сунушталганда «Жалал-Абадда турамын, кел бул жакка, жолугушалы» деди.
Андан соң ал «Сиз Назбийке аттуу кызыңызды анын өгөй атасы менен чогуу токмоктогонсузбу?» деген суроого «Назбийкенин жана анын өгөй атасынын канын текшертип, өгөй атасы эмес экенин далилдеп берсем, силерди сотко берем» деп коркутууга аракет жасап, телефонун өчүрдү. Андан кийинки бир нече телефон чалууларга жооп бербей койду.
Айта кетсек, 29-январда эртең менен 17 жаштагы Назбийке аттуу кыз Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынан Бишкекке качып келгени белгилүү болгон. Ал кичинекей кезинен бери ата-энеси тарабынан кордук көрүп келе жатканын айтып берген.
“Өгөй атам менен апамдын төрт баласы бар: эки эжем, мен жана иним. Улуу эжем экөөбүз апабыздын кыздарыбыз, ортончу эжем өгөй атамдын кызы, инимди болсо багып алганбыз. Ортончу эжем бизди башынан эле жек көрүп, ар кандай шылтоо менен ур-токмокко алчу. Өгөй атам менен апам ага болушуп, бизди андан бетер урушчу. Улуу эжем турмушка чыгып, учурда күйөөсү менен жашайт. Мен жалгыз калып, ата-энем жана ортончу эжем тарабынан зомбулук көрүп келем”,- деген Назбийке.
“Бир ай мурун үйдө ур-токмок жеп, чыдабай кетип Бишкекке биринчи жолу качкам. Апам аркамдан келип, милициялардын көзүнчө мени кучактап “кызым” деп кабыл алган. Бирок эч ким жокто сабап, чачымдан сүйрөгөн. Үйгө барганыбызда өгөй атам “болду, сени урганды токтотобуз” деген, бирок жалган айтканы көрүнгөн. Бир аз убакыт өткөн соң зомбулук көрсөтүү кайра башталган. Бир жолу шылтоо таап, мага катуу ачууланып, өгөй атам менен апам дөңгөлөктүн резинасынын камчыга окшош бөлүгү менен сабашкан. Денем ооруп, чоң-чоң көк алалар пайда болгон. 28-январда ата-энем менен базарга чыкканыбызда учурдан пайдаланып, таксиге отуруп Бишкекке качып кеттим”,- деп билдирген Назбийке.
Бул окуяга дагы кайрылабыз, ал эми Назбийкенин толук маегин жакын арада "Супер ТВдан" көрө аласыздар.